Жээнбековдун кеткенин уккан элдин реакциясы. Видео

Мамлекет башчы Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына чогулган митингчилер Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кеткени тууралуу маалыматты кыйкырып, кол чаап, кубануу менен тосуп алышты.

Митингчилердин видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатканын айтып, кайрылуу жасады.

Жээнбеков отставкага кетти, эми өлкөнү ким башкарат? Баш мыйзамдагы жобо

Мамлекет жетекчиси өлкөнүн тынчтыгы, элдин бүтүндүгү, коомдун ынтымагы кызмат ордунан бийик экенин айтып, ар бир мекендештин өмүрү баарынан кымбат деп белгиледи. Мындан улам Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.