Кыргызстандын ымыркай көп төрөлгөн аймактары. 9 айдын статистикасы

Мамлекеттик каттоо кызматы каза болгондордун санын да жарыялаган. Анда 2020-жылдын тогуз айында 27 679 өлүм учуру катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан берки тогуз айда 114 миң 823 ымыркай жарыкка келген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдан аз. 2019-жылы бул мезгилде 15 117ге көп бала төрөлгөнү маалым болду.

Ымыркайлардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында.

Мамлекеттик каттоо кызматы каза болгондордун санын да берген. Анда 2020-жылдын тогуз айында 27 679 киши көз жумганы катталган. Былтыркы жыл менен салыштырсак, быйыл өлүм учурлары көп. Өткөн жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 24 610 адам каза болгону белгилүү болду.