Sputnik Канттагы базага Россия аскерлери келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Тактоо

Башкы редактор кандай максат менен фейк маалымат тарап жатканы белгисиз экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Россия аскерлери Канттагы базага келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Бул туурасында агенттиктин шеф-редактору Эркин Алымбеков билдирди.

Учурда социалдык тармактарда "Канттагы авиабазага Россиянын аскерлери учак менен келип конушууда" деген темадагы Sputnik.kg сайтынан скриншот кылып алган сыяктуу сүрөт тарап жатат.

Sputnik Канттагы базага Россия аскерлери келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Тактоо
"Sputnik Кыргызстан агенттиги мындай маалымат жазган эмес, бул тууралуу кабары жок. Кандай максат менен фейк маалымат тарап жатканы бизге белгисиз", — деди Алымбеков.

Ошондой эле ал мунун чагымчылдык аракетин көрүү үчүн бирөө атайын уюштуруп жатышы ыктымалдуулугун кошумчалады.