Өкмөт: Садыр Жапаров ооруган жок, иш ордунда

Буга чейин премьердин маалымат катчысы Садыр Жапаров ден соолугу начарлаганына байланыштуу Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга бара албай калганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаровдун ден соолугу тууралуу айтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өкмөт башчы Садыр Жапаров учурда иш ордунда.

Буга чейин премьердин маалымат катчысы Садыр Жапаров ооруп калгандыгына байланыштуу Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга бара албай калганын айткан.