ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россиянын элчисин кабыл алды. Эмне талкууланды

Министр Казакбаев элчиге өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берип, кырдаал акырындык менен турукташып келе жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Алгач элчи Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Казакбаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктоосун жеткиргени айтылат.

Андан соң ТИМ башчысы өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берип, кырдаал акырындык менен турукташып келе жатканын, аткаруу бийлиги толугу менен түзүлүп өз ишин баштаганын билдирген.  

Мындан сырткары, ал кыргыз тарап Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаш мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеген. Ошондой эле ал Кыргызстанга болгон колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

"Кыргыз-орус кызматташтык мамилеси боюнча пикир алышып, буга чейин эки өлкө ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу талкууланды. Анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу маселеси ортого коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары конструктивдүү диалогдор уланары айтылган