Резиденцияга жакын жерде турган митингчилер Өкмөт үйүн көздөй бет алды. Видео

Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылган митингчилер эртең менен чогулушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына чогулган митингчилер ушу тапта Өкмөт үйүн көздөй бет алышты. Бул тууралуу кабарчы жеринен билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандан аталган жерге эртең менен чогулушкан. Бирок өлкө башчы кызматтан кетерин жарыялаганына карабастан тарашкан эмес. Алар эми Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канат Исаевдин кетишин жана парламенттин таркалышын талап кылышууда.

Жээнбековдун кеткенин уккан элдин реакциясы. Видео

Кабарчы аталган аймакта чагымчылык болушу мүмкүн экенин айткан митингчилер жеңил машина жана автобустарга түшүп кетип жатканын кошумчалады.