Өткөн суткада коронавирус беш кишинин өмүрүн алды

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан 1 099 адам каза болду. Оору жуктургандардын саны 50 589га жетсе, анын ичинен 45 080и айыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан беш киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта Бишкекте бир бейтап, Ошто экөө, Баткенде эки адам акка моюн сунганы айтылат. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жалпы 1 099 адамдын өмүрүн алды.

Бүгүн 388 кишиден COVID чыкты. Соңку статистика

Илдет илештиргендердин саны 50 589га жетсе, анын ичинен 45 080и айыкты.