Ташиев: азыр Жээнбеков менен Жапаров сүйлөшүүдө, баары эл каалагандай болот

Буга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы Жапаровдун абалы начарлап, мамлекет башчы менен жолугушууга келе албай калганын айткан эле.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев митингчилерге кайрылып, учурда президент менен премьер-министр активдүү сүйлөшүп жатканын билдирди.

Буга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы Жапаровдун абалы начарлап, мамлекет башчы менен жолугушуу болбой калганын айткан эле.

"Мамлекетибиздин биримдиги жана тынчтыгы үчүн президент жана премьер-министр активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Президенттин отставкасы талкууда, буюрса, баары эл каалагандай болот. Сабыр кылыңыздар, тынчтыкты сактап күтө туруңуздар", — деп жазган Ташиев Facebook баракчасына.

Жолугушуу бүгүн саат 11.00гө пландалган болчу. Кечээ кечинде Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын билдирген.