Доллар эмнеге кымбаттап жатат? Улуттук банк түшүндүрмө берди

Соңку эки күндүн аралыгында Кыргызстанда доллардын баасы 81 сомго чейин жетип, эки сомго кымбаттаган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Эл аралык төлөмдөрдүн жанданышы жана учурдагы кырдаал доллардын жогорулашына негиз болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

14-октябрда эртең менен долларды 79,65 сомдон сатып алып, 79,85 сомдон сатып жатышкан. Ал эми бүгүн түштөн кийин курс 81,5 жана 81,9 сомго чейин көтөрүлдү.

"Бул кыска мөөнөттүк секирик десек болот. Анткени кечээ эле эл аралык төлөмдөр жандандырылды, ошондой эле өлкөдөгү кырдаал да себепкер болууда. Азыркы тапта банк системасында чет өлкөлүк валюта жетиштүү көлөмдө, доллардын кымбатташына сырткы факторлор таасир эткен жок", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын алтын валюта резерви 76,6 млн. долларга азайды

Аны менен катар Улуттук банк ички валюта жана сырткы каржы рынокторундагы кырдаалга байкоо салып турганын, керектүү учурда тийиштүү операцияларды жүргүзөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 13-октябрдан тарта SWIFT системасы жана альтернативдик байланыштар каналы боюнча эл аралык операцияларды ишке ашыруу мурунку калыбына келген.