СССР убагынан тарта эле бизде археологдорду, музей адистерин даярдоо жакшы колго алынган эмес. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин музей таануучу кесиби тарых факультеттеринин бир бөлүгү катары эле үстүртөн окутулуп келген.
"Кыргызстан археологиялык баалуулуктары көп өлкө экендигине карабай бул тармакта адистердин жетишсиздиги курч болуп келген. Кошуна мамлекеттер музей таануу, археология боюнча атайын институттарды түзүп калган учурда да биз керек болсо бир ЖОЖдо кафедра ачканга жетише алган эмеспиз. Бул көйгөйдү аталган тармактагы педагогдор бир нече жылдан бери көтөрүп келишкен. Былтыр Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунушун Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алып, Улуттук университеттин базасында музей таануу факультети ачылып, 10 бюджеттик, бир контракттык орунга жалпысынан 11 студент кабыл алынган. Музей таануучу факультетинин студенттери археолог жана, аты айтып тургандай, музей адистери болуп чыгышат. Бул өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү", — деди Жолдошев.
Адис кийинки окуу жылдардан тарта бюджеттик орундарды кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.