Абдылдаев: Жогорку Кеңеш эртерээк өзүн-өзү таркатышы керек

Төрт күн төрага болгон Мыктыбек Абдылдаев депутаттардын "моралдык климаты" бузулгандыктан парламент тарап кетиши керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев парламент өзүн-өзү таркатышы керектиги тууралуу кеп кылды.

Анын айтымында, депутаттардын азыркы "моралдык климаты" ушундай болуп турат. Андыктан алар мөөнөтү бүткөнгө чейин эле тарап кетиши кажет.

"Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы! Эгер кимдир бирөө ордунда көбүрөөк отургусу келип жатса, ал өзүнүн иши. Бирок депутаттардын буга моралдык укугу жок", — деди ал.

Мыктыбек Абдылдаев 6-октябрь күнү төрага болуп шайланып, бирок төрт күндөн кийин эле постун таштаган. Анын ордуна 13-октябрь күнү Канат Исаев шайланды.

Депутаттар ушу тапта "Ала-Арчадагы" парламенттин жыйынына чогулду. Анда премьер-министрдин талапкерлиги, курамы жанан өкмөттүн программасы каралмакчы.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп, түз эфиринен көрүңүздөр