Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси иштен кетти

Нуракун уулу соцтармактагы баракчасына жазган арызын чыгарды. Андан "өз каалоом менен кеттим" дегенин окууга болот.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айкын, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем", — деди Нуракун уулу.

Анын арызынан "өз каалоом менен кеттим" дегенин окууга болот.