Президент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындады

Бүгүн, 14-октябрда, парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы, мындан сырткары, өкмөт мүчөлөрүн дайындоо боюнча документке да кол койгон.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришкен.