Жээнбековдун отставкасын сүйлөшүүгө Жапаровду кимдер коштоп барганы айтылды

Жээнбеков бүгүн президенттик шайлоону өткөрүп коюп кете турганын айтты, бирок Жапаров жана анын тарапташтары бүгүн-эртең кетишин талап кылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен отставкасын сүйлөшүүгө Жапаров менен кошо кимдер катышканын ачыктады.

Анын айтымында, сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаровдун жанында ЖК депутаттары Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана Камчыбек Ташиев болгон. Алар Жээнбеков отставкага кетиши керек деген позицияны карманууда.

Ал эми Жээнбеков тарабынан кеңешчиси Мурат Шайымкулов, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков жана маалымат катчысы Толгонай Стамалиева катышкан.

Жапаров: президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүүлөр эртең да уланат

Белгилей кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башаламандыктар уланып, 9-октябрда Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даяр экенин жар салган.

Ал эми бүгүн, 14-октябрда, Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кете турганы расмий жарыяланды.