Садыр Жапаров: Россия — негизги өнөктөш, бизди көп нерсе байланыштырып турат

Садыр Жапаров Кыргызстандын стратегиялык эң жакын өнөктөшү Россия Федерациясы экендигине токтолуп, бирок азырынча эки тараптуу жолугушуулар туурасында айткан жок.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү — Россия, биздин өлкөнү бул мамлекет менен көп нерсе байланыштырып турат. Мындай пикирин жаңы шайланган премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда журналисттерге маалымат жыйын берип жаткан учурда айтты.

"Башында эле Кыргызстандын негизги стратегиялык эң негизги өнөктөшү Россия болорун жана алар менен көп нерсе байланыштырып турарын айткам. Андан ажырап кете албайбыз. Качан сапарлар, жолугушуулар болорун да азырынча айта албайбыз", — деди Жапаров.

Жээнбеков РФ президентинин өкүлү менен жолукту. Ага Жапаров да катышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитип, ал сунуштаган өкмөттүн курамы менен программаны жактырды. Андан соң тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.