Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы башталды. Видео

Чогулгандар топ-топ болуп ар кайсы жерде турат. Агрессия байкалбайт, атургай музыка жаңырып турганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан анча алыс эмес жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын алдында президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

"Бул жерге келгендер президенттин мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсүн талап кылууда. Болжол менен 200-300дөй киши чогулган", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, премьер-министр Садыр Жапаров бир нече саат мурунку маалымат жыйыны учурунда президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилерин айткан.