ЖАМК: Сапар Исаков менен Албек Ибраимов абакка кайткан жок

Буга чейин ЖАМК аты аталгандар 13-октябрда саат 13:00гө чейин мурда жазасын өтөп жаткан мекемеге келери күтүлгөнүн билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов жазасын өтөп жаткан жерине келген жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абакка кайтарылган жок. Себеби

"Соттолгондор Сапар Исаков жана Албек Ибраимов жазасын өтөп жаткан мекемеге келишкен жок. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "жазасын өтөөдөн качуу" кылмышы боюнча катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Исаков менен Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ("Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы") ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

Буга чейин ЖАМК аты аталгандар 13-октябрда саат 13:00гө чейин мурда жазасын өтөп жаткан мекемеге келери күтүлгөнүн билдирген.

Эгер келбесе, аларга издөө жарыяланары айтылган.