Садыр Жапаров: президенттин отставка боюнча маселесин бүгүн чечишибиз керек

Премьер-министр буга чейин парламенттик кезексиз жыйында сүйлөп жатып, президент өкмөттүн курамы бекиген соң кызматтан өз арызы менен кетүүгө даяр экенин айтканын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилет. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйында айтты.

Журналисттер ага буга чейин өзү билдирген президенттин кызматтан кетүү убадасы боюнча суроо беришти.

Президент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындады

"Маалымат жыйын аяктары менен президентке жолугуп, ошол маселенин аягына бүгүн чыгышыбыз керек. Эл президент отставкага кетсин деп аянтка чыккан. Үч күндөн кийин биз элге чыгып, ал кетмей болду, тараңыздар деп элди кетиргенбиз. Андан бери 10 күн өттү. Эми президент кандай чечим кабыл алат, өзү билет. Бул маселени аягына чыгышыбыз керек, башка жолу жок", — деди өкмөт башчы.

Эске салсак, премьер-министр буга чейин парламенттик кезексиз жыйында сүйлөп жатып, президент өкмөттүн курамы бекиген соң кызматтан өз арызы менен кетүүгө даяр экенин айтканын билдирген.