Касымалиева: азыркы депутаттар жаңы чакырылыш шайланып келгиче иштей берет

Журналист эл өкүлүнө "15-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү бүтөт. Андан ары иштей бересиздерби?" деген суроо узаткан.
Sputnik

БИШКЕК,14-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары кийинки чакырылыш шайланып келгенге чейин иштей берет. Бул тууралуу ЖК депутаты Аида Касымалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жооп берип жатып айтты.

Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.

Саясатты токтотуп, ишке өтөлү! Президент Жээнбековдун кайрылуусу видеодо

Анда журналист эл өкүлүнө "15-октябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү бүтөт. Андан ары иштей бересиздерби?" деген суроо узаткан.

"15-октябрь кайдан чыкты билбейм, бирок мыйзам боюнча азыркы алтынчы чакырылыш кийинки чакырылыш шайланып келгиче иштей берет. Мөөнөтү ошондой. Алар кетип калып, Жогорку Кеңеште вакуум болуп калбаш керек. Себеби Жогорку Кеңештин милдеттери, функциялары президентке өтүп калбайт да. Бул Конституцияга каршы келет. Ошондуктан чечимдерди тез кабыл алып, кийинки шайлоого мыйзамдарды бат-баттан даярдап берүү зарыл", — деди Касымалиева.

Ал кийинки шайлоого чейин айрым мыйзамдарды өзгөртүүгө убакыт боло турганын кошумчалаган.