Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу аяктап калды Сүрөт

Медициналык объект төрт блоктон турат, жалпы аянты 2 260 чарчы метрди түзүп, 100 орунга ылайыкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы тез курулуучу инфекциялык оорукананын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.

COVID-19 вирусунун экинчи толкуну жайылуу коркунучунан улам жасалган билдирүүдө Бишкекте жайгашкан Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын 100 орундуу жаңы корпусу жакынкы мезгилде пайдаланууга берилүүгө даяр экендиги белгиленет.

Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди

Бул объект төрт блоктон турат, жалпы аянты 2 260 чарчы метрди түзүп, 100 орунга ылайыкталган.

Инфекциялык оорукананын курулушу ушул жылдын июль айынын аяк ченинде башталып, 25-августка бүткөрүү пландалган болчу.