Токтогулдагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Алтоо ооруканада

Кечээ саат 13:48дер чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 310-чакырымында (Кара-Жыгач айылы) Honda Odyssey жана Toyota 4runner үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. – Sputnik. Токтогул районунда катталган жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алып, алты киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 12-октябрь күнү саат 13:48дер чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 310-чакырымында (Кара-Жыгач айылы) Honda Odyssey жана Toyota 4runner үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен 53 жаштагы эки эркек киши жана 50 жаштагы бир аял көз жумган. Мындан сырткары, алты адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Түндө Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып, 4 киши жабыркады. Видео

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, көз жумган кишилерди унаадан чыгарып ИИМ өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган алты киши Токтогул районундагы аймактык ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.