Токтогулда жашаган кишинин үйүнөн 500 килограммдан ашык баңгизат табылды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Токтогул районунун жашоочусу өз үйүндө өсүмдүк түрүндөгү баңгизат даярдап жатат деген ыкчам маалымат түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Токтогулда 38 жаштагы кишинин үйүнөн 541 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Токтогулда жашаган кишинин үйүнөн 500 килограммдан ашык баңгизат табылды

Билдирмеге ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Токтогул районунун жашоочусу өз үйүндө өсүмдүк түрүндөгү баңгизат даярдап жатат деген ыкчам маалымат түшкөн. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Токтогулда жашаган кишинин үйүнөн 500 килограммдан ашык баңгизат табылды
"Токтогул районунун 38 жаштагы тургунунун үйүндө тинтүү болуп, сарайынан 15 даана канистр, 5 даана челек, 4 даана каптан күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Мындан сырткары, ошол эле үйдө ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 12 даана ок, гильзалар бар экени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Кыз зордуктап, баңгизат үчүн соттолгон. ИИМ элдик кыймылбыз дегендерди кармады

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңгизат 541 килограмм 609 граммды түзгөн. Анын 489 килограмм 760 граммы суюк баңгизат, 51 килограмм 849 граммы марихуана экени маалым болду.

Соттун чечимине ылайык, шектүү эки айга камака алынып, тергөө уланууда.