Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайрадан митингге чакырган билдирүүлөр тарады

Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун тарапташтарын эртең түшкө маал Бишкектин эски аянтына чыгууга чакырып жатышат. Бирок Бишкекте өзгөчө абал режими өкүм сүрүүдө. Мыйзам боюнча бул учурда митингдерге тыюу салынган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун тарапташтарын кайрадан митингге чыгууга чакырган билдирүүлөр тарап жатат.

Анда бийликтин аракетине нааразы болгон колдонуучулар эртең түшкө маал Бишкектин эски аянтына чыгууга чакырык таштоодо.

Жогорку Кеңеш өзгөчө абал боюнча токтом кабыл алды

Бирок Бишкекте өзгөчө абал режими өкүм сүрүүдө. Мыйзам боюнча бул учурда митингдерге тыюу салынган.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду Жогорку Кеңешке кайтарып берген