Бүгүн Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулмай болду

Жыйын саат 16:00дө башталат. Анда президенттин өзгөчө абал боюнча жарлыгы каралары белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. – Sputnik. Бүгүн саат 16:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, анда президенттин өзгөчө абал боюнча жарлыгы каралат.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрь күнү кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон. Мыйзамга ылайык, эгер парламент маселени бекитип бербесе, документ үч күндөн кийин күчүн жоготот.