Ошто ишканаларда 60 жаштан өткөн кызматкерлер онлайн иштемей болду

Бүгүнкү күндө Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектепте ачылган стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы ишканаларда 60 жаштан өткөн кызматкерлер онлайн режимде иштешет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

12-октябрда Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйыны өтүп, ага биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жана штабдын мүчөлөрү катышкан.

"Коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин, рейддерди күчөтүү, той-мааракелерди өткөрүп жаткан кафе-ресторандарды жабуу тапшырмалары берилди. Шаардагы мекеме-ишканаларда иштеген 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер онлайн режимде иштөө боюнча чечим кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жыйында абалга жараша стационарлар, дары-дармектер даяр болуусу айтылды. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектепте ачылган стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда.

Кытай коронавирустун экинчи толкунунан кантип кутулду. Тургундардын баяны

Калаадагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө максатында Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, милиция жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган жети жумушчу топ түзүлгөн.