Мияров Мирбек Ибаратович — өмүр баяны

Чүй облусунун башчылыгына дайындалган Мирбек Мияров 1984-жылы 2-декабрда Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү.
Sputnik
  • 1992-2001 — Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп–гимназиясында окуган;
  • 2001-2006 — Кыргызстан эл аралык университетинин алдындагы политехникалык колледж. Электр байланыш техниги;
  • 2006-2010 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университет. Байланыш инженери;
  • 2012-2014 — Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы. Менеджмент багытында магистр даражасы ыйгарылды.
  • 2005–2010 — Бишкек шаардык байланыш түйүнүндө инженер;
  • 2012 – 2019 — "Моби Строй" ЖЧКнын башкы директору;
  • 2020-жылдын 15-октябрында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды.
  • 2020-жылы "Ордо" саясий партиясынын лидери болуп парламенттик шайлоого катышкан.

Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.