Кечээтен бери коронавирустан эки бейтап каза болду

Кечээтен бери дагы 343 адамдын вирус илештирип алганы маалым болуп, жалпы саны 49 871ге жетти. Анын 44 712си айыгып ооруканалардан чыгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бир суткада коронавирус жуктуруп алган эки киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта анын бири Бишкекте, экинчиси Ош облусунда дарыланып жатканы айтылды.

COVID-19га экинчи ирет кабылган бейтаптын каза болгон биринчи учуру катталды

Ушуну менен илдет жайыла баштагандан тарта 1 092 адам көз жумган.

Кечээтен бери дагы 343 адамдын вирус илештирип алганы маалым болуп, жалпы саны 49 871ге жетти. Анын 44 712си айыгып ооруканалардан чыгарылды.