Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

5-6-октябрдагы Кыргызстан үчүн оор кырдаал учурунда коңшу Казакстан биринчилерден болуп пикирин айтып, бардык саясий күчтөрдү мыйзам талаасына кайтууга чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан акырындык менен мыйзам талаасына кайтып келе жатканын кубануу менен кабыл алуудамын. Мындай билдирүүсүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Twitter баракчасына жазды.

​“Бир тууган Кыргызстандын конституциялык талаага кайтканын кубануу менен кабыл алдым. Биз бул нерсеге тиреш башталганда эле бардык саясий күчтөрдү чакырган элек. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын легитимдүү президенти. Анын өлкөдөгү абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерин колдойм. Кыргызстандагы туруктуулук стратегиялык өнөктөш катары Казакстан үчүн өтө маанилүү”, — деп жазды Токаев.

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Кыргызстандагы абалды талкуулашты

Эске салсак, 5-6-октябрдагы Кыргызстанда жаралган оор кырдаалда коңшу Казакстан биринчилерден болуп пикирин айтып, бардык саясий күчтөрдү мыйзам талаасына кайтууга чакырган