Жогорку Кеңеш төрагалыгына Канат Исаевдин талапкерлиги сунушталды

Буга чейинки төрага Дастан Жумабеков 6-октябрь күнү кызматынан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланып, бирок 10-октябрда ал дагы отставкага кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага шайлоо маселеси көтөрүлүп, "Кыргызстан" фракциясы Канат Исаевдин талапкерлигин сунуштады. 

Эскерте кетсек, буга чейин жыйындын күн тартибинде президент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө абал тууралуу жарлыгын бекитүү боюнча маселе кирген. Токтом бир добуштан кабыл алынгандан кийин депутаттар ЖК төрагасын шайлоо маселеси көтөрүлгөн.

62 депутат каттоодон өткөн.

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевди сунуштаган демилгесин калган фракциялар толук колдоп беришти.

Буга чейинки төрага Дастан Жумабеков 6-октябрь күнү кызматынан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланып, бирок 10-октябрда ал дагы отставкага кеткен.