ИИМ жетекчилеринин бири кол алдындагы кызматкерге ок атканы айтылууда

Жергиликтүү ЖМКларга жана социалдык тармактарга Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалыматтар тарады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары кол алдындагы кызматкерге ок атты деген маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчылыгынан билдиришти.

“Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Курсан Асанов эки ай УКМКнын тергөө абагында болот

Иликтөө иштерин ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзүп жатканы кошумчаланды.