COVID-19га экинчи ирет кабылган бейтаптын каза болгон биринчи учуру катталды

Нидерландда коронавируска экинчи ирет кабылган жарандын абалы кескин начарлап, ооруканага түшкөндөн эки жума өткөн соң каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Нидерланддар өлкөсүндө коронавирустун жаңы тибине экинчи ирет кабылган 89 жаштагы кемпир каза болду. Бул тууралуу Оксфорд университетинин басылмасына таянып, РИА Новости жазды.

Нидерланддык окумуштуулардын маалыматына ылайык, кан клеткалары жана иммундук жетишсиздик оорусу менен жабыркаган аял мурда COVID-19га кабылып, андан сакайган. Болжол менен эки айдан кийин экинчи ирет коронавируска чалдыккан. Бир канча күндөн кийин абалы кескин начарлап, ооруканага түшкөндөн эки жума өтүп каза болгон.

Адис коронавирустун жаңы белгисиз кесепеттери тууралуу билдирди

Бул окуя дүйнөдө коронавируска кайрадан кабылгандан кийин каза болгон биринчи учур деп белгиленүүдө.

Август айынын соңунда вирусолог-дарыгер Марион Копманс Нидерланддар өлкөсүндө инфекцияны кайрадан жуктурган биринчи учурду иммундук системасы начар улгайган оорулуудан табышканын айткан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 37,4 миллиондон ашты. Анын ичинен бир миллиондон ашыгы каза болгон. Акыркы сутка ичинде коронавируска кабылган 307 миңден ашык учур катталган.