Караандаткан жок. Тажикстанда Рахмон президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болду

Тажикстанда президенттик такты үчүн беш талапкер ат салышкан. Шайлоодо добуштардын 50 пайызынан ашыгын алган талапкер жеңүүчү болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон шайлоочулардын добушунун 90,92 пайызына ээ болуп президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянып жазды.

Президенттик такты үчүн беш талапкер ат салышкан. Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев катышты.

Өлкө мыйзамына ылайык, Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоодо добуштардын 50 пайызынан ашыгын алган талапкер жеңүүчү болуп саналат.