Кыргыз жоокерлери Беларустагы ЖККУнун аскердик машыгуусуна барбайт

Беларуста өтчү машыгууларга жалпысынан 700 жоокер катышып, 100дөн ашык аскердик жана атайын техника колдонулат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жоокерлер Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Беларуста өтүп жаткан аскердик машыгууларына катышпайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Генералдык штабдан билдиришти.

Буга расмий түрдө эмне себеп болгонун маалымат кызматтан так айтышкан жок.

5-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг болуп өткөн. Кечинде Ак үйдүн тосмосун талкалап кирүүгө аракеттен кийин милиция менен митингчилердин ортосунда кагылышуу башталып, андан улам миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза тапкан. Бирок митингдер токтогон эмес.

Генералдык штаб резиденциянын тосмосун сүзгөн аскер техникасы боюнча үн катты

Жыйынтыгында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол коюп, көчөгө аскер техникасы чыгарылды.

Беларуста "Нерушимое братство — 2020" деп аталган командалык-штабдык машыгуу иштери башталды, ал 17-октябрга чейин уланмакчы.

Негизги тема — "ЖККУнун биргелешип тынчтык орнотуу операцияларын даярдоо жана ишке ашыруу".

Беларуста өтчү машыгууларга жалпысынан 700 жоокер катышып, 100дөн ашык аскердик жана атайын техника колдонулат.