Курсан Асанов эки ай УКМКнын тергөө абагында болот

Мамлекеттик комитеттен Курсан Асанов 6-октябрдагы башаламандыктын активдүү уюштуруучуларынан болгон деген маалыматты айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө, тагыраагы, 10-декабрга чейин киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди кабыл алган.

Асанов Бишкекте 6-октябрда болгон башаламандыкты иликтөөнүн алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. УКМКдан ал массалык башаламандыкты активдүү уюштургандардын бири болгон деп эсептелип жаткандыгын айтышкан.

Курсан Асанов: мен милиция менен биргеликте эл тараптамын

6-октябрдын түнүндө нааразы болгон эл Ак үйдү басып алып, андан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон камактагы саясатчыларды бошоткон.

Асанов ИИМ жетекчисинин кабинетин ээлеп, бирок бир нече күндөн кийин кызматын таштап кеткен.