Баткендеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди. Сүрөт

7-октябрдан тарта ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда 63 киши дарыланып жатат. Облус боюнча бейтаптарга 500дөн ашык орун даярдалган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. – Sputnik. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

Анын айтымында, 7-октябрдан тарта ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда 63 киши дарыланып жатат.

"Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. Үч ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду", — деди Бердигулова.

Облуста коронавирус менен ооругандар үчүн жалпы 538 орун даярдалган.

Акыркы статистика боюнча, Баткен облусунда коронавирустан 41 адам айыкса, 86 киши жуктуруп алган.