Коронавирустун акчада, смартфондо канча сакталып турары айтылды

Эксперттер адамдар смартфондун бетин антисептиктер менен азыраак тазалагандыктан, анын ден соолукка кооптуулугу бар экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Коронавирус смартфондун бетинде, кагаз акчада жана металл кармагычтарда бир айга чукул кармалып турушу мүмкүн. Бул туурасында "Известия" жазды.

Оору менен күрөшүүгө даярдык көрүү боюнча австралиялык борбордун адистеринин айтымында, бөлмө температурасынын шартында жылмакай нерселерде коронавирус инфекциясы 28 күнгө чейин жашайт. Адистер өздөрү смартфондун айнектери, полимер жана кагаз акчалар, дат баспаган болоттон жасалган буюмдар кооптуу экендигин айтышат. Аларда SARS-CoV-2 болжол менен 20 градустук жылуу температурада бир ай, +30 градуста үч жумага чейин кармалып турары белгиленди. Ал эми 40 градус ысыкта инфекция бир нече күн жашайт.

Бир жумада 19 киши көз жумду. Кыргызстандагы соңку статистика

Австралиялык окумуштуулар адамдар кол сыяктуу антисептик менен тазалап турбагандыктан көп кармалаган смартфондун бети абдан кооптуу буюмдардын катарына кире тургандыгын эскертишти.