Милиция Бишкекте түн кандай өткөндүгүн айтып берди

Саат таңкы 5:00дөн баштап транспорттун жана жарандардын кыймылы кадимки абалына келди. Мамлекеттик мекемелер менен ишкерлик объектилер толук иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Түндө Бишкек шаарында абал тынч болду. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Калаада ички иштер органдары, куралдуу күчтөр элдик кошуун менен биргеликте коомдук тартипти сактап, жарандардын коопсуздугун камсыздап жатат.

Бишкекке өзгөчө абал учурунда кирип чыгууга болобу? Комендатуранын жообу

Саат таңкы 5:00дөн бери транспорттун жана жарандардын кыймылы кадимки абалда жүрүүдө. Мамлекеттик мекемелер менен ишкерлик объектилер толук иштеп жатат.

Милиция кырдаалды курчуткан жана чагымчылдыкты жараткан аракеттер боюнча фактылар болбогондугун айтты.