Тез арыктайм дегендерге үч азык сунушталды

Адистер айрым жашылчалар кишини ток кармап, башка калориялуу тамактарга табитти тарттырбай турганын айтып, бөтөнчө салмак таштайм дегендерге колдонууну сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ашыкча салмактан арылам дегендер үч азыкты жеши керектигин РИА Новости диетологдорго таянуу менен жазды. https://ria.ru/20201011/pokhudenie-1579247774.html

Адистердин айтымында, күнүмдүк рациондо бадыраң болушу керек. Бул жашылча сууга жана тамак-аш талчасына бай болгондуктан курсак ачырбайт. Калориясы дагы аз, андыктан майларды кетирүүгө жардам берет.

Майды булчуңга "айландырган" азыктар аталды. Тизме

Ошондой эле азыктык баалуулугу жогору болгон брокколини жеш керек. Ал зат алмашууну жана кан айланууну тездетет. Ошондой эле андагы тамак-аш талчасы кишини ток кармап, майдын "эрип кетишине" жардам берет.

Арыктоо үчүн дагы бир пайдалуу азык — сулунун акшагы. Бул дагы тоюмдуу болгондуктан башка калориялуу тамактарды жеп салганга мүмкүнчүлүк бербейт. Сулу боткосу ичегилерди тазалоого жардам берип, адамды табигый жол менен арыктатары белгилүү.