Тажикстанда президенттик шайлоо башталды. Анда 5 талапкер ат салышууда

Коңшу өлкөнүн жарандары бүгүн президентин шайлап жатышат. Учурдагы өлкө башчы Эмомали Рахмон мамлекетти 1994-жылдан бери башкарып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Тажикстанда президенттик шайлоо башталып, саат сегизде өлкөдө 3 414 добуш берүү участогу ачылды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Тажикстандыктар кийинки башчысын беш талапкердин арасынан тандап жатышат. Алар: Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев.

Кыргызстан менен Тажикстан жакын арада чек ара маселесин чечет

Эгемендүү Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоонун жүрүшүнө ЕККУ, КМШ жана ШКУ уюмдарынан келген эл аралык байкоочулар көз салып турат.

Бул жолку шайлоону Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы убактысынан бир ай мурда белгилеген. Анда дүйнөнүн 29 өлкөсүндө жүргөн тажикстандыктар дагы добуш бере алат.