БШК: Тажикстанда президенттик шайлоо өттү деп таанылды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын малыматы боюнча, учурда шайлоочулардын катышуусу 70,1 пайызга жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Тажикстанда президенттик шайлоо өттү деп таанылганын Sputnik Тажикстан агенттигине өлкөнүн БШКсынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода билдирген. 

Мекеменин маалыматына ылайык, саат 15:00гө карата президенттик шайлоого катышуу 70,1 пайызга жетти. Бул убакта республика боюнча 3,5 миллиондой жаран добуш берген.

Эскерте кетсек, шайлоо тилкелери 06:00дөн иштеп баштаган. Өлкө ичинде жалпысынан 3375 шайлоо тилкеси ачылган. Дагы 29 мамлекетте 39 добуш берүү жайы уюштурулган.

Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти

Тажикстандыктар кийинки башчысын беш талапкердин арасынан тандап жатышат. Алар: Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев.

Өлкө мыйзамына ылайык, Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоодо 50 пайыздан ашык добуш алган талапкер жеңүүчү болуп саналат.

Президенттик шайлоо добуш берүүчүлөрдүн катышуусу 50 пайызга жеткенде өттү деп саналат.