Путин неберелеринен алган белектер жөнүндө айтып берди

7-октябрда Россия лидери Владимир Путин 68 жашка чыкты. Бул күнү кичинекейлерден алган белектердин түрлөрүнө да токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Владимир Путин туулган күнүндө жакындарынын куттуктоосун дайыма күтөрүн "Россия-1" каналына берген маегинде айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Жакындарым туулган күнүмдү мени менен чогуу белгилебесе сөзсүз телефон чалып, байланышып куттукташат", —деген президент.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Лидер белектерди жакын туугандары эле эмес, эс тартып калган неберелери да берерин айткан.

"Кол менен жасагандары да бар. Кандайдыр бир белектер, сүрөттөр же куттуктоолор", — деп кошумчалаган Путин.

7-октябрда Россия лидери Путин 68 жашка чыкты.