Октябрда көп күнгө созулган магниттик бороон болору айтылды

29-октябрда Жердин магниттик сферасы турукташат. 21-октябрдан баштап магниттик бороон сезиле баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Окумуштуулардын эскертүүсү боюнча, октябрда көп күнгө созулган магниттик бороон болот. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлайт.

Россиялык илимдер академиясынын Физика институтуна караштуу Күндүн рентген астрономиясы боюнча лабораториянын болжолдоосу боюнча магниттик бороон 21-октябрда башталып, 25-октябрда күч алат.

29-октябрда Жердин планетасферасы калыбына келет. Магниттик бороон электр тутумдарынын ишин үзгүлтүккө учуратып же келгин куштар менен жаныбарлардын орун которушуна таасир этиши мүмкүн.