Калкты тейлөө борбору, "Кыргыз почтасы" жана "Унаа" эртең ишин жандантат

Калкка кызмат көрсөткөн мекемелер 7-октябрь күнү Кыргызстандагы башаламандыктардан улам ишин токтоткон болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелери эртеңден тарта ишин жандантат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, калкты тейлөө борборлору, "Унаа" мамлекеттик ишканасы, "Кыргыз почтасы", “Архив” 12-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жумушка чыкты

Мамкаттоонун кызмат көрсөтүүлөрү боюнча кызыктырган суроолор менен 119 сall-борборуна саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылса болот.

Белгилей кетсек, аталган мекемелер 7-октябрь күнү Кыргызстандагы башаламандыктардан улам ишин токтоткон болчу.