Майды булчуңга "айландырган" азыктар аталды. Тизме

Окумуштуулар сунушталган азыктарды спорт менен алектенгендер күнүмдүк тамагына колдонсо көбүрөөк жардам берерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Түрк окумуштуулары булчуңдун массасын өстүрүп, организмде майдын балансын кармоого жардам берген азык-түлүктөрдү санап бергенин РИА Новости жазды.

Адистер сунушталган азыктарды спорт менен алектенгендер колдонсо көбүрөөк жардам берерин айткан.

Банан. Бул жемиш аш болумдуу, бирок курамында кант көп экендигин эстен чыгарбаш керек;

Лосось. Денесин келишимдүү кылып, булчуң чыгаргысы келгендерге чоң жардамчы;

Быштак. Организмге эң керектүү делген белокко өтө бай;

Ананас. Макаланын авторлору аны машыгуудан кийин, ошондой эле эртең менен жана тамак жеген учурлардын ортосунда колдонууга кеңеш беришет. Анткени курамында белокту бөлүп чыгаруучу бромелаин ферменти бар. Ал машыгуудан кийинки булчуңдардын сезгенишин азайтат;

Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

Сулу. Бул дан өсүмдүгү клетчаткага, протеинге, витаминдерге жана минералдарга бай;

Балыктын майы. Зат алмашууну тездетет;

Батат. Таттуу картошкада А жана С витаминдери менен калий, рибофлавин, жез, пантотетикалык жана фолий кислоталары бар;

Бадам. Бул жаңгак белок менен майдын булагы, ошондой эле Е витамини бар жана антиоксиданттык касиетке ээ;

Шпинат. Булчуңдардын өсүшүнө оң таасирин тийгизет;

Шоколад сүтү. Бул азык чарчоодон арылткандыктан, адистер көнүгүүдөн кийин ичүүгө кеңеш беришет.