БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккан АКШ президенти Дональд Трамптын бул илдетти башкаларга жуктуруу коркунучу жок. Бул тууралуу РИА Новости мамлекет башчынын дарыгери Шон Конлиге таянуу менен жазды.
"Президенттен кайталап алынган ПЦР-тести таза чыкты. Эми башкаларга вирусту жугузуу тобокелчилиги жок", — деген дарыгер.
Трампты сакайткан адам анын дене табы көтөрүлбөй, коронавирустун бир катар симптомдорунан арылганын кошумчалаган.
COVID жуктуруп алган Трамптын дарылануусуна канча акча кеткени айтылды
Октябрдын башында Американын лидери Дональд Трамп менен канайым Мелания Трамптан коронавирус аныкталган. Ал ортодо Трамптын абалы кескин начарлап кеткени, кайра өзүн жакшы сезип калганы айтылган. Үч күн ооруканада жаткандан кийин үйүнө чыгарылып, коронавируска улам тест тапшырып жаткан.