Адис: коронавирустун антителосуна тест тапшыруу жөн гана акчаны сорот

Анализ аркылуу адам коронавирус менен жакын арада же мурдараак ооруганын билүүгө болот. Антитело адамга бир нече айга чейин кайра вирусту жугузбайт деген божомол бар.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын антителосун аныктоо үчүн тапшырган тесттер жөн гана акчаны сорот. Бул тууралуу өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча адис Владислав Жемчугов билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал тесттин мындай түрү арзан эмес экендигин белгилеген.

"Анализ аркылуу коронавирус менен жакын арада же мурдараак ооруганды билүүгө болот. Вирус аныкталган учурда деле бардык санитардык эрежелерди сактоо керек. Кыскасы, өзү үчүн гана тест тапшыргысы келгендер болбосо, акчаны асманга кетиргенден башка пайдасы жок", — деген Жемчугов.

Адис коронавирус менен күрөшкөн иммунитетти дагы эмне начарлата турганын айтты

Ошондой эле ал коронавирус менен ооруп айыккандарда иммунитет канча убакытка чейин болору белгисиз экенин кошумчалаган.

COVID-19 оорусун пайда кылган SARS-CoV-2 вирусуна жооп катары адамдын иммундук системасы антитело деп аталган белокторду иштеп чыгат. АКШ менен Канаданын иммунологдорунун жаңы изилдөөсүнө ылайык, коронавируска каршы антителолор адам COVID-19 менен ооругандан кийин үч айга чейин сакталат.