Сүйүн Өмүрзаков митингде жаракат алган милиционерлерге барды. Сүрөт

ИИМ башчысынын орун басары кызматтык милдетин аткарып жатып жаракат алгандарга тез арада сакайып кетишин каалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков массалык башаламандыкта жарадар болгон кызматкердин ден соолугунун сурап барды.

Өмүрзаков 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болуп ИИМ госпиталында жаткан кызматкерлердин ар бири менен сүйлөшүп, министрлик керектүү жардамдарды берерин айткан.

Министрдин орун басары аларга бекем ден соолук каалап, милдеттерин аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин билдирген.