Сулата тээп... UFC мушкеринин укмуштуудай нокаутунун видеосу

Америкалык Хоакин Бакли аралаш мушташ өнөрү боюнча 15 таймаш өткөргөн. Ал 13 жолу жеңишке жетип, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. UFC мушкери Хоакин Бакли атаандашын күтүлбөгөн жерден чимирилип тээп ноакутка кетирген.

UFC Fight Night мелдешинде Баклинин күтүүсүз соккусу Импе Касанганайга багытталды. Орто салмактагылар арасындагы бул сокку жылдын нокауту деп аталды.

Видеодон Касанганай атаандашынын бир бутун кармап калганда, Бакли аны чимирилип туруп экинчи буту менен башка тепкенин көрүүгө болот. Жыгылар алдында Касанганай эки секунддай теңселип туруп, анан кулап калган.