Коменданттык саат киргизилген Бишкекте түн кандай өттү

Борбор калаада саясий окуяларга байланыштуу 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү жарлыгына кол коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Коменданттык саат киргизилген Бишкекте биринчи түн тынч өттү. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Мындан тышкары, мүлкө зыян келтирилип, талап-тоноочулук фактылары болгон жок.

Ошондой эле комендатура коменданттык саат учурунда блокпосттор аркылуу аэропортко бараткан жана келе жаткан жүргүнчүлөр билет жана паспортторун көрсөтүп өтөрүн кошумчалады.

Бишкек комендатурасынын сall-борбору иштей баштады. Номери

Эске салсак, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган. Эми борбор калаанын тургундары 21:00дөн 05:00гө чейин сыртка чыга алышпайт.