Митингчилери жок Бишкектин аянты. Сүрөт

Буга чейин баш калаанын борбордук аянтында 5-октябрдан бери күн сайын митинг өтүп келди. 6-октябрга караган түнү Ак үй алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бүгүн, жекшемби күнү, Бишкектеги борбордук Ала-Тоо жана эски аянттар тынч, эл чогулган учур, митинг болгон жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Бүгүн 5-октябрдан бери биринчи жолу митинг жана нааразычылык акциясы өткөн жок.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийинки башаламандыкка байланыштуу 9-октябрда Бишкекке өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлык чыгарган.

Бишкекке өзгөчө абал учурунда кирип чыгууга болобу? Комендатуранын жообу

Шаардын коменданты Алмазбек Орозалиевдин буйругуна ылайык, баш калаада саат 21:00дөн таңкы 05:00гө чейин коменданттык саат жүрөт.

Мамлекет башчысынын өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыгы Жогорку Кеңеш тарабынан азырынча бекитиле элек. Бирок президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, документти парламент үч күндүн ичинде карашы зарыл, ага чейин жарлык күчүнө кирген болуп эсептелет.